Ссылки доступа

Түркмөнстанда шлеми жок велосипедчендерге айып пул салына баштады


Түркмөнстандын Мары облусунда полиция велосипедчендерге карата рейд жүргүзүп, шлемдери жокторго айып пул салды.

«Өткөн дем алышта Марыдагы шаардык полиция бөлүмүнө ондогон велосипедчен жеткирилди. Алардын ар бирине 50 манаттан айып пул салынды», - деди «Азаттыктын» жергиликтүү кабарчысы.

Полициячылар биринчи жолу айып пул 50 манатты түзөрүн, экинчи жолу атайын баш кийими жок (шлем) кармалышса 150 манат, үчүнчү жолу 250 манат айып пул төлөшөрүн эскерткен.

Түркмөнстандын Борбордук Банкынын курсу боюнча 3,5 манат 1 долларга барабар.

Велосипедчендер шлем кийүү жөнүндө талап болбогонун, жаңы эреже тууралуу алдын ала эскертүү берилбегенин билдиришүүдө.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы Мары шаарынын полиция башкармалыгына кайрылып, велосипед тебүүдөгү жаңы талаптар тууралуу маалымат ала алган жок.

Массовки во время глобальной пандемии. Туркменистан отмечает Всемирный день здоровья
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00
XS
SM
MD
LG