Ссылки доступа

Казакстанда камактагы Таурбеков абак ооруканасына которулат


Казакстанда «терроризмди пропагандалоо» жана «кастыкты козутуу» айыптары менен соттолгон, жүрөк оорулуу Жулдызбек Таурбеков бүгүн кечинде Петропавловск шаарындагы жалпы режимдеги түрмөдөн Павлодар абагындагы ооруканага которулат. Бул тууралуу 23-сентябрда анын апасы Асемгуль Жаугашева билдирди.

– Менде анын которулушуна байланыштуу үч суроо пайда болууда. Биринчиси – азыр өлкө түндүгүндө суук, ошондуктан жолдо ал суук тийгизип алышы мүмкүн. Бул болсо ал үчүн өлүмгө тете, анткени жүрөк оорусунан улам ансыз деле каны аркылуу өтө аз кычкылтек алып жатат. Мен бир жума мурда ага жылуу кийимдерин салып жибергем, ошондуктан ал кийимдерин алгандан кийин которулушун каалап жатам. Уулумду 1-октябрга белгиленген сотко катышып, кийимдерин алып алгандан кийин которууга болбойбу?», — деди Жаугашева.

Анын айтымында, 1-октябрга белгиленген сотто буга чейин соттолуучунун саламаттыгы тууралуу медициналык комиссиянын корутундусу боюнча аны эркиндикке чыгаруу маселеси каралат.

Өз кезегинде Петропавловск түрмөсүнүн жетекчиси Темирлан Валиев камактагы оорулуу адамдын өмүрү үчүн өзү жооп берерин, ошондуктан аны абак ооруканасына которууну кечиктербөө керектигин билдирди.

– Жылуу кийимдери келген. Жолдо аны медициналык кызматкерлер коштоп барышат, мен ушундай буйрук бердим. Сотко болсо каалаган жерден катышса болот, анткени азыр соттордун бардыгы онлайн режимде өтүп жатат. Ошондуктан ал бүгүн кечинде которулат», — деди Валиев.

Буга чейин сот өкүмү күчүнө киргенден кийин Алматыдан Казакстандын түндүгүнө которулган Таурбековдун абалы начарлап кеткени кабарланган. Ал 6-январда Алматынын Алмалы райондук соту тарабынан тогуз жылга эркинен ажыратылган. 9-апрелде Алматы шаарынын апелляциялык соту аны бошотуу тууралуу өтүнүчтү четке каккан.

Таурбеков — WhatsApp тайпасында радикалдык идеяларды таратуу иши боюнча соттолгон тогуз айыпталуучунун бири. Алардын сегизине өкүм былтыр августта чыгып, ар бири беш жылдан сегиз жылга чейин эрктеринен ажыратылышкан.

Катуу оорусуна байланыштуу Таурбековдун иши өзүнчө өндүрүшкө алынган. Тергөө иштери жүрүп жатканда ал бир нече жолу жүрөгү кармап ооруканага жаткырылган.

Видео

Видео

Кармалган кримтөбөлдүн саясаттагы карааны
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00
XS
SM
MD
LG