Ссылки доступа

Дагестанда тажикстандыктар түрмөдөн тоннель казып качып кетишти


Орусиянын Тергөө комитети Махачкаладагы № 2 түзөтүү колониясынын кызматкерлерине карата "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка караганда, күн мурун Шамхал айлында жайгашкан түзөтүү колониясынан 10 жылдан 14 жылга чейин соттолгон 6 киши качып кеткен. Качкындар тоннель казып, ал аркылуу эркиндикке чыгышкан. Алардын ичинен төртөө маңзат, экөө киши өлтүрүү айыбы менен кесилген.

Качкындардын арасында маңзат үчүн камалган тажикстандык Шамил Бойматов менен Махмадрасул Машрабов да бар.

Соттолуучулар түрмөдөн качуу үчүн бир жыл бою өтмөк казышкан.

Учурда аларды издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын Дагестан боюнча башкармалыгы билдирди.

Орусиянын түзөтүү жайларында 7 миңден ашуун тажикстандык жаран бар. Соңку жылдары орус басылмалары тажик жарандары терроризм жана экстремизм айыбы менен кармалганын көп кабарлашууда. Алардын бир бөлүгү Тажикстанга экстрадицияланып, бир бөлүгү орус түрмөлөрүндө жазасын өтөшүүдө.

XS
SM
MD
LG