Ссылки доступа

Макрон Шинжаңга эл аралык миссия жөнөтүүнү сунуштады


Франция президенти Шинжаңдагы уйгурлардын абалына көңүл буруп, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эгидасы алдындагы эл аралык миссия түзүп, бул аймакка жөнөтүүнү сунуштады.

Эммануэл Макрон БУУнун Башкы Ассаблеясынын жыйынында аталган уюмдун адам укуктарын коргоо боюнча негизги милдетин эске салды. Ушундан улам Кытайдын Шинжаң аймагындагы абалды текшерип-иликтөөгө чакырды:

«Негизги адам укуктары - бул Батыштын эле идеясы эмес. Бул БУУнун мүчөлөрү өз эрки менен кол койгон, макулдашкан текстте жазылган биздин уюмдун принциптери. Ушундан улам Франция уйгур азчылыгынын абалына байланыштуу жамааттык тынчсызданууну эске алуу менен Шинжаңга миссия жөнөтүүнү сунуш кылат».

Бир катар Батыш мамлекеттери, эл аралык укук коргоо уюмдары Кытай бийлигин Шинжаңдагы мусулман азчылыктарын «саясий тарбия лагерлеринде» негизсиз камап турганы үчүн айыпташат. Буга чейин Кытайдан келген ондогон казактар жана кыргыздар Шинжаңдагы туугандары лагерде эркинен тыш, катаал шартта кармалып турганын айтып, жардам сурашкан.

Вашингтон Бээжинди Шинжаңдын тургундарын эмгекке мажбурлап, негизсиз кармап, калктын санын күчтөп көзөмөлдөп, алардын маданиятын жана мусулмандардын ишенимин жок кылууга аракет кылып жатат деп күнөөлөйт. Өткөн аптада АКШ Шиңжаңда өндүрүлгөн, жасалган кытайлык товарларды алып кирүүгө тыюу салган.

XS
SM
MD
LG