Ссылки доступа

Тажикстанда ИИМ академиясынын бүтүрүүчүлөрү түрмөдө иштөөдөн баш тартышты


Тажикстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдындагы академиянын 19 бүтүрүүчүсү өлкөнүн Юстиция министрлигинин жаза аткаруу башкармалыгында иштөөдөн баш тартышты.

Түзөтүү мекемелери үчүн атайын адистерди даярдоо бөлүмү беш жыл мурун ачылган жана бул офицерлер - алгачкы бүтүрүүчүлөр.

«Диплом алгандан кийин бүтүрүүчүлөрдү Жаза аткаруу башкы башкармалыгы системасында иштөө үчүн жөнөтүштү. Бирок алардын баары арыз жазып, сунушталган кызматтан баш тартышты», - деди башкармалыктын кадр бөлүмүнүн жетекчиси Сирож Нуров.

Бүтүрүүчүлөрдүн бири Саидамир Шералиев аларды укук коргоо органдарында иштөөгө окутушканын, бирок түрмөдө иштөө жөнүндө эч качан сөз болбогонун айтты. Бүтүрүүчүлөрдүн көбү милиционер болууну каалашат.

Бул арада Жаза аткаруу башкы башкармалыгы ишке чыкпаган бүтүрүүчүлөр жумуштан бошотуларын билдирди.

Тажикстанда бир нече жылдан бери пенитенциардык системаны реформалоо чакырыктары жаңырып келет.

2018-жылы өлкөнүн Хожент жана Вахдат колонияларында кандуу козголоң болуп, беш түрмө кызматкери мерт болгон.

XS
SM
MD
LG