Ссылки доступа

Эгемендикти коргогондордун акциясы (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдардын логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан дагы видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Эгемендикти коргогондордун акциясы. Бишкек, Ош жана Каракол шаарында «Кул болбо!» деп аталган акция өттү. Митингдин катышуучулары «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун эгемендүүлүк боюнча сүйлөгөн сөзүнө каршы чыгышкан. Алар «Биримдиктин» шайлоодон четтетилишин жана Марат Аманкуловдун жоопкерчиликке тартылышын талап кылышты. (видео)

- Тоолуу Карабакта кырдаал курчуду. (видео)

- "Биримдиктин" төрагасы кайда кайткысы келет?. "Биримдик" партиясынын талапкери Марат Аманкуловдун Орусиянын делегациясы менен жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөзү коомчулукта кызуу талкууга алынды. Ал эми талапкер Аманкулов Интернетке тараган видеодо сөзү бурмаланып калганын, ал чагым болуп саналарын билдирди. (видео)

- Шайлоого жакын тизмеден ыргыган аялдар. Парламенттик шайлоого бараткан «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен дароо тогуз киши чыгып кетти. Алардын ичинен сегизи аял. Ушуну менен Борбордук шайлоо комиссиясы каттаган талапкерлердин арасынан баш-аягы 15 аял талапкер шайлоодон четтетилди. Бул партиялардын тизмесиндеги гендердик квота маселесин козгоду. “Азаттык” келе жаткан шайлоого партиялардан аттанган аял талапкерлердин санына кызыкты. (видео)

- Музыка жаңырган билим уясы бүгүн кейиштүү абалда. Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык билим берүү колледжи 1966-жылы ачылган. Окуу жай мектеп жана бала бакчада сабак берүүчү мугалимдерди даярдап чыгарат. Учурда бул билим уясынын абалы кейиштүү абалда. Окуу куралдары, музыкалык аспаптар тартыш. Анысы аз келгенсип курулуш компанияларынын бири менен жер маселесине байланыштуу соттошуп келет. (видео)

- Дубайдын ордуна Искандеркул. Пандемия маалында тажикстандыктар кайда эс алышууда? (видео Директ)

- 120 орун = 175 депутат. Парламенттин алтынчы чакырылышы кандай өзгөрдү? (видео)

- Беларустар азыркы режимге тиешеси бар компаниялардын товарларына бойкот жарыялашууда. (видео)​

- Казакстанда эмне үчүн ата-энелер балдарын сасык тумоого каршы эмдетүүгө каршы чыгышууда? (видео)

- Орусия чек арасындагы лагерлерде өзбек мигранттары кандай шартта жашап жатышат? (Настоящее время)

-Шинжаңдагы «кайра тарбиялоо лагерлери». (Настоящее время)

- Украина: Карын эне бизнеси кантип кулач жайды? Коронавирус коркунучунан улам жабылган чек аралар Украина суррогат энелердин дүйнөлүк борборуна айланганын көрсөттү. Украинада карын эненин кызматы кандай жолго коюлган? Бала сатуу менен келишим түзүп, башка бирөөгө наристе төрөп берүүнүн ортосунда кандай айырма бар?

- Айтматовдордун китепке айланган өмүрү. 23-сентябрда Бишкекте коомдук ишмер Роза Айтматованын "Өмүр белеси" аттуу эскерүүлөр топтолгон китебинин бет ачары болду. Айтматованын буга чейин чыккан "Тарыхтын актай барактары" китебинен айырмаланып, бул эмгекке өмүр баяны, апасы Нагима Айтматованын төркүндөрү, атасынын бир тууганы, репрессия маалында дайынсыз кеткен Рыскулбек Айтматов тууралуу маалыматтар камтылган. (видео)

- Лариса: Кыргыз тили кыйын болсо да окуйбуз. Бүгүн Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна 31 жыл толду. Бул күндү утурлай “Азаттык” радиосунун кабарчысы көп улуттуу Кант шаарындагы жалгыз кыргыз тилдүү мектепке барып келди. Акыркы жылдары шаар тургундары арасында кыргыз тилдүү мектепте балдарын окуткандар көбөйгөн. (видео)

- Пандемия маалында казакстандыктар кайсы өлкөлөргө бара алышат? (инфографика)

- Душанбе базарларындагы баа. (видео)

- Тажикстанда студенттер окуу жайларда беткап тагынып жүрүүгө милдеттендирилди. (Настоящее время)

- Душанбеде лифит бузулуп, 49 жаштагы аял каза тапты. (видео)

- Балыкчылык ширетүүчүнүн кыялы​. (Кыргызстандан видео)

- Коронавирус кандай жайылган – анимациялык инфографика. (инфографика)

- «Үмүт шооласы» - мүмкүнчүлүгү чектелген үч небересин тарбиялап жаткан ата-эне тууралуу тасма. (видео Директ)

- Жүз миңдеген кыргызстандык алигиче таза сууга жете элек. (Настоящее время)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG