Делегациянын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов бар.
Орусиядагы сапары жыйынтыкталгандан кийин Жээнбеков расмий сапар менен Венгрияга барат.
26-сентябрда «Биринчи радиодогу» маегинде президент Кыргызстан Орусия менен кызматташтыкка чоң маани берерин, ортодогу мамиле эң жогорку деңгээлде экенин айткан жана Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы экенин белгилеген.
Жээнбековдун Орусияга бул жолку сапары «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун Орусияда Кыргызстандын эгемендигине байланыштуу айткан сөздөрү коомчулукта сын жана кызуу талкуу жараткан учурга туш келүүдө.