Ссылки доступа

Тажикстанда соттолгон оппозициячынын уулун мамлекеттик телеканалда сүйлөөгө мажбурлашты


Тажикстанда быйыл камакка алынган 28 жаштагы Асрориддин Розиковдун жакындары бийлик аны мамлекеттик телеканалда сүйлөөгө мажбурлаганын билдиришти.

Асрориддин — өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын 25 жылга соттолгон лидерлеринин бири Зубайдулло Розиктин уулу.

«Аны мамлекеттик телеканалда сүйлөөгө мажбурлашкан: бир нече күн мурда ал «Хиёнат» («Чыккынчылык») деген документалдык тасмада көрсөтүлүп, терроризмди каржылоо жөнүндө сүйлөдү. Ал алдын ала даярдалган тексттен окуп берип жактаны көрүнүп турду. Тасмада оппозициячылар, анын ичинде Ислам кайра жаралуу партиясынын соттолгон тарапташтары Европада жашаган үй-бүлөлөрүнө жөнөтүп турган акча жөнүндө сөз болду», — деди Асрориддиндин бир тууганы Хисомиддин Розиков.

Анын айтымында, бийлик Асрориддинди кармалгандан кийин дароо эле партияны жамандаган видеокайрылуу жасатууга аракет кылган. Бирок ал андай билдирүү жасоодон баш тарткан.

Асрориддин Розиков быйыл июнда жумушка баратканда кармалган. Тажикстандын Башкы прокуратурасы ал «Экстремисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу тыюу салынган уюмдун ишин уюштуруу» беренеси боюнча айыпталып жатканын билдирген.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму тажик бийлигинен Асрориддин Розиковду тез арада бошотуп, кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында аны камакка алган адамдарды жазалоону талап кылган.

XS
SM
MD
LG