Ссылки доступа

Казакстанда бир суткада COVID-19 жуктурган 52 жаңы учур катталды


Казакстанда өткөн сутка ичинде 52 киши коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды.

Алардын ичинен Чыгыш Казакстан облусунда 14, Алматы жана Павлодар облустарында алтыдан, Түндүк Казакстан облусунда беш жана Нур-Султан шаарында бир учур катталды. Калган аймактарда вируска кабылгандар бештен ашпайт.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда жалпы COVID-19 жуктургандар 107 775 кишиге жетип, 102 736сы айыгып чыкты. 26-сентябрда жарыяланган маалыматка ылайык, илдеттен 1 722 бейтап каза болду.

Сентябрдын башынан бери Казакстанда сутка ичинде вирус жуктурган жүздөн ашык учур каттала элек. Ошол эле маалда «коронавирустук пневмонияга» (коронавирустун белгилери бар, бирок анализи таза чыккандар) чалдыккандар кыйла көп болууда. Жекшемби күнү жарыяланган маалыматта мындай диагноз коюлгандар 32 452 кишиге жетип, 349 бейтап көз жумганы жазылган. Саламаттык сактоо министрлиги «коронавирустук пневмонияга» кабылгандар жана каза болгондордун статистикасын 2-августтан бери гана жарыялай баштаган. Мекеме Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушуна таянып, «COVID-19дун белгилери бар пневмония» учурларын коронавирус боюнча жалпы статистикага кошуудан баш тартып келет.

XS
SM
MD
LG