Ссылки доступа

Казакстанда үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны катаалдатуу сунушталууда (видео)


Казакстандын парламенти «Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү карап жатат. Анда күнөөлүү адамга карата коомдук жумуштарга тартуу жана 20 суткага чейин камакка алуу жазалары каралган.

Мындан тышкары полиция кызматкерлерине «айыпталуучунун жабыркоочу тарап менен 30 күнгө чейин байланышуусуна тыюу салуу жөнүндө» өз алдынча чечим чыгаруу укугун берүү сунушталууда.

Жаңы өзгөртүүлөр полицияны үй-бүлөлүк зомбулуктун күнөөкөрлөрүнө карата кыска аралыкта чара көрүүгө, ошондой эле зомбулук тууралуу социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөргө да реакция кылууга милдеттендирет.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2020-жылдын сегиз айында үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 130 миң кайрылуунун 2,5 миңи боюнча гана кылмыш иши козголуп, 30 миңи административдик өндүрүшкө жөнөтүлгөн.

Парламент Казахстана рассмотрит поправки в закон о семейном насилии
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00
XS
SM
MD
LG