Ссылки доступа

Камактагы Макс Бокаев Атырау шаарындагы түрмөгө которулду


Макс Бокаев
Макс Бокаев

2016-жылы жер сатууга каршы өткөн митингерден кийин беш жылга соттолгон казакстандык активист Макс Бокаев 28-сентябрда Актөбөдөгү түрмөдөн Атырау шаарындагы колонияга которулду.

Бул тууралуу активист Талгат Аян билдирди. Анын айтымында, Бокаев таң эрте атайын Макат станциясына жеткирилип, Мангышлак – Атырау жүргүнчү поезди менен кеткен.

– Аны менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Ага алыстан гана кол булгалап калдык. Эми ал эки апта карантинге алынат. Атырау шаарындагы УГ-157/9 түрмөсүндө болот.

2016-жылы 46 жаштагы Макс Бокаев жер реформасына байланыштуу митингге чыкканы үчүн беш жылга эркинен ажыратылган. Ал кастык козутуу, жалган маалымат таратуу жана митинг өткөрүү эрежелерин бузууга айыпталган.

Бокаевдин жаза мөөнөтү 2021-жылы февралда бүтөт. Ал мөөнөтүнөн мурун шарттуу түрдө бошотуу боюнча арыз жазуудан баш тарткан. Бокаев Актөбө облусундагы түрмөдө отурган. Туугандары аны өзү туулуп өскөн Атырау шаарына которууну бир нече жолу сурашкан. Бирок бийлик ал жактагы колонияда орун жок деген шылтоо менен баш тартып келген.

Аны менен бирге беш жылга соттолгон активист Талгат Аян быйыл апрелде шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Экөө тең сотто тагылган айыптоолорду четке каккан.

XS
SM
MD
LG