Ссылки доступа

Тажикстанда айыл тургундарына президент менен жолугушууга уруксат берилген жок (видео)


Вахш районундагы айылдардын бири. 2018-жыл

Вахш районуна караштуу Иттифок айылында жашаган бир нече аял укук коргоо кызматкерлеринин тоскоолдугунан улам президент менен жолугуша алышкан жок.

Президент Эмомали Рахмон 23-сентябрда иш сапары менен Вахш районуна барган.

«Биз коңшулар болуп президент менен жолугушууга баратсак жолдон үч унаа тосуп алып, райондун борборуна барбашыбыз керектигин айтышты. Алардын айткандарына көңүл бурбай койсок бирөө унаадан түшүп, колумдан катуу тартып жиберип, мен жыгылып калдым. Алар биз даярдыксыз бара жатканыбызды, президентке эмне деп сүйлөштү билбей турганыбызды айтышты. Аргасыздан кайра артка кайттык», — деди Парвина Мукимова аттуу айыл тургуну.

"Президент делает акцент на образовании, но нашим детям негде учиться"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00

Анын айтымында, 320 түтүн жашаган Иттифок кыштагынын негизги көйгөйү - мектептин жоктугу. Дээрлик 500 окуучу 6-18 чакырым жөө басып, коңшу айылдардагы мектептерге барып билим алышат. Тургундан президентке ушул маселе боюнча кайрылып, жооп алууга ниеттенишкен.

«Биз президентке өз көйгөйлөрүбүздү айталы дегенбиз. Бизде мектеп, амбулатория, туруктуу электр энергиясы жок. Пахта талаалары сугарылган маалда суусуз калабыз. Жергиликтүү бийлик биздин үнүбүздү укпайт, маселебизди чечип бербейт», — деди Мукимова.

Маалыматтарга караганда, президенттин жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуусунда аймактагы көйгөйлөр айтылбай, тургундар «жашоо жана эмгектенүү үчүн жакшы шарттарды түзүп бергендиги үчүн мамлекет башчыга жана өкмөткө ыраазчылык билдиришкен».

Тажикстан президентинин сайтында 23-сентябрда Эмомали Рахмон Вахш районунун жетекчилиги, активисттери жана тургундары менен жолугуп, жакшы тосуп алгандыгы үчүн аларга ыраазычылык билдиргени тууралуу» маалымат жарыяланды.

Видео

Видео

Кармалган кримтөбөлдүн саясаттагы карааны
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00
XS
SM
MD
LG