̶ Кармалгандан бери эч нерсе жеген жокпуз. Абдан чарчадык. Көбү ордунан тура албай калды.
Тажикстандын Москвадагы элчилигинин консулдук бөлүмү мигранттардын кармалганын тастыктап, мыйзам чегинде аларга жардам берүүгө аракет жасалып жатканын кабарлады.
Маалыматка караганда, кармалган мигранттардын көбү патентти Москвада алышкан, бирок бул патент менен Одинцоводо иштөөгө уруксат берилбей жатат. 2016-жылы киргизилген эреже боюнча чет өлкөлүк мигранттар патентти кайсы аймактан алса, ошол жакта гана иштей алышат.
Иштеген аймагы менен патенти дал келбеген мигранттарга 5 миң рубль айып пул салынат. Бул үчүн Орусиядан депортациялоо жана 3 жылдан 10 жылга чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салуу жазасы да каралган.
Бирок Орусия президенти Владимир Путин коронавирус пандемиясына байларыштуу мигранттарга берилген жеңилдиктердин мөөнөтүн 15-декабрга чейин узарткан. Ага чейин чет өлкөлүктөрдү депортациялоо, миграциялык эрежелерди бузуу үчүн административдик жазага тартуу токтоп турат.