Ссылки доступа

Казакстанда жаңы окуу жылы башталгандан бери 104 окуучуга COVID-19 жукту


Казакстанда жаңы окуу жылы башталгандан бери 104 окуучу коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой өкмөттүн шаршембидеги жыйынында билдирди.

Анын айтымында, вирус жуктурган окуучулардын 33ү нөөмөт класстарына барып билим алгандар болсо, 71 бала аралыктан окуп жаткан. Алар менен байланышта болгон жүздөгөн кишинин кеминде 22синен COVID-19 аныкталды.

Министр сентябрдын башында мектептерде аралыктан окутууну биринчи чейректин аягына чейин улантууну сунуштаган. Анда ал бул сунушун коронавирус жуктурган жаңы учурлардын көбөйүү ыктымалдыгы менен түшүндүргөн.

Казакстанда марттын ортосунда COVID-19дун алгачкы учуру катталгандан кийин өлкөдө өзгөчө абал жарыяланып, мектептер толугу менен аралыктан билим берүүгө өтүшкөн.

Ал ортодо ата-энелер менен мугалимдер аралыктан окутууну сынга алышууда. 1-сентябрга карата 100 миңдеген балада онлайн окууга керектүү техникалык каражаттар жок экени аныкталган. Мындан тышкары ата-энелердин көбү онлайн билим алуу үчүн интернетке акча төлөөгө, балдарына жардам берүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок экенин билдирип жатышат.

Казакстандын Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 2,6 миллион окуучу аралыктан билим алып жатса, 800 миң бала мектепке барып окуп жатат.

XS
SM
MD
LG