Ссылки доступа

Тажикстанда коронавирустан көз жумгандар 77 кишиге жетти


Тажикстанда коронавирустан көз жумгандардын саны 77 кишиге жетти. Бул тууралуу бейшембиде Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде 46 кишинин вирус жуктуруп алганы аныкталган, бир бейтап өлгөн.

1-октябрь күнү кечинде коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 9 миң 811 кишини түздү. Алардын ичинен 8 миң 617 бейтап айыкты.

Саламаттык сактоо министрлиги ушул тапта 71 киши коронавируска шектелип, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатканын белгилейт.

Бул арада соцтармактардын колдонуучулары бийлик чыныгы абалды жашырып жатканын, коронавирустан өлгөндөрдүн саны алда канча көп экенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG