Ссылки доступа

Казакстан ПЧР тести жок жүргүнчүлөрдү эки күндүк карантинге жөнөтөт


Казакстанга келген жүргүнчүлөрдүн COVID-19га тапшырган тести жок болсо, эки күндүк карантинге жөнөтүлөт. Бул тууралуу Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой билдирди.

«Башка өлкөлөрдө оору көбөйүп жатат. Биздин жарандар башка мамлекеттерге барышканда алардан ПЧР иликтөөлөрдү сурашат. Сиз Бириккен Араб Эмираттарына же башка өлкөлөргө корнавирус инфекциясы менен оорубаганыңызды тастыктаган тест көрсөтмөйүнчө өтө албайсыз... Бул Казакстанга кайрадан ири көлөмдө коронавирус инфекциясын алып киришпесин деп жасалууда», — деди Алексей Цой.

Аба каттамдарды жанданган өлкөлөрдөн келген жарандарда акыркы үч суткада тапшырган тесттин жыйынтыгы болушу шарт. Маалымкат болбосо алар кайрадан лабораториялык иликтөөдөн өткөнгө чейин, башкача айтканда эки суткага карантинге алынат. Чет өлкөлүк жарандардан да ПЧР тест талап кылынат, болбосо алар учактын бортунан кабыл алынбайт.

Министрдин айтымында, ушундай эле талап Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдөн жана Өзбекстан менен чек арадан өткөн жарандар үчүн да тиешелүү.

Цой 5-октябрдан тартып авиабайланышка уруксат берилген өлкөлөр, анын ичинде Түркия менен болгон каттамдардын санын көбөйтпөө жөнүндө чечим кабыл алынганын кошумчалады.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавируска кабылгандар 107 979 кишиге жетти. Алардын 95% же 102 937си айыгып, 1 724 бейтап каза болду.

XS
SM
MD
LG