Мугалимдер безгекке каршы препаратты колдонуудан кооптонуп турушат.
– 22-сентябрда гидроксихлорохин таратышты. Ар бир мугалим алты таблеткадан алды. 28-сентябрда 10 таблеткадан цинк беришти. Бул препараттарды таратып жатканда бизди текшеришкен жок. Кээ бирине жакпай калышы мүмкүн. Ошондуктан жеке мен өзүм аны колдонуудан коркуп жатам, – деди мугалимдердин бири.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту дарылоодо гидрокихлорохин эффективдүү эмес экенин жарыялаган. Буга чейин Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги бул препаратты COVID-19 менен ооруган бейтаптарга колдонуучу дарылардын тизмесинен чыгарып, кийинчерээк кайра кошкон.
Соцтармактарда гидроксихлорохин препаратына байланыштуу бизнес жөнүндө сын күчөгөндөн кийин Саламаттык сактоо министрлиги бул дары өлкөгө гуманитардык жардам иретинде келип жатканын, анын артында кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы жок экенин билдирген.
Гидроксихлорохин (соода маркасы - «Плаквенил») безгекке каршы препарат болуп эсептелет. Ал ревматоиддик артрит жана бөрү жатышты дарылоодо да колдонулат.