Ссылки доступа

Аянттагы кагылышуу (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдардын логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан дагы видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Митингчилер Ак үйдө. 6-октябрга караган түнү Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулган митингчилер Кыргызстандын президенти жана парламенти отурган Ак Үйдүн жетинчи кабатына жетип, президенттин иш бөлмөсүнө чейин кирип кетишти. Бул тууралуу окуянын жеринен “Азаттыктын” кабарчысы кабарлады. (видео)

- Ала-Тоо аянтында тиреш күчөдү. 6-октябрга караган түнү Бишкектин борбордук аянтында митингчилер менен милициянын тиреши уланды. Милиция кызматкерлери желим октор менен атып, жаш чыгаруучу газ колдонууда. Ал арада ыктыярчылардын тобу жарадар болгон жарандарга колун сунуп, жардам берип жаткан чагы. (видео)

- Караколдо эл кайра шайлоону талап кылып чыкты. Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук акимчилигинин имаратынын алдында 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып 200гө жакын адам чогулду. Чогулгандар менен өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаев жолугуп, бул маселе боюнча мыйзамдын чегинде чечилиши керек экенин айтты. (видео)

- Күч кызматкерлери аянттагы элди таратууда. Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митингичилердин бир бөлүгү президенттик администрация менен Жогорку Кеңештин имаратынын жанына келип, темир кашааларды аттап өтүп жатышат. (видео)

- Ак үйдүн алдында кырдаал курчуду. Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митингичилердин бир бөлүгү президенттик администрация менен Жогорку Кеңештин имаратынын жанына келип, темир кашааларды аттап өтүп жатышат. Милиция аларга тоскоолдук кылган жок. Күч кызматкерлери Өкмөт Үйүнүн жанында тизилип турат. Желим бөтөлкө, таштар ыргытылууда. (видео)

- Ошто Шаар күнү белгиленди. 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жүзгө чукул шаар тургундары борбордук аянтка топтолду. Эпдемиологиялык кырдаалга байланыштуу бул жылы чоң иш-чаралар уюштурулган жок. (видео)

- Шайлоонун эртеси оппозиция митингге чыкты. (сүрөт баян)

- Хожентте жол кырсыгынан тергөөчү көз жумду. (видео Директ)

- «Бул зомбулук». Өз балдарын сабаган ата энелерди эмне деп атаса болот? (видео )​

- Канибадам драмалык театры онлайн-спектакль койду. (Тажикстандан видео)​

- Карабакта ок алдында калган жай тургундар. (видео)

- Армения менен Азербайжанга ким курал-жарак сатууда? (инфографика)

- Коронавируска каршы Орусияда өндүрүлгөн дарылар жөнүндө эмнелер белгилүү? (видео)

- Тажик-өзбек чек арасы дале ачыла элек (Настоящее время)

- Дурдонага жардам! Орусияда өзбекстандык келинге бейтаныш адамдар жардам берип, мекенине жөнөтүштү. (Настоящее время)

- Кайсы өлкөдө интернет тез иштейт? (инфографика)

- Орусия мигранттар үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин жеңилдетет. (видео)

- Эмнеге Тажикстанда базарлар менен окуу жайлар ачылып, мечиттер жабык турат? (Настоящее время)

- Алматыда кризиске карабай батирлердин ижара акысы түшкөн жок. (видео)

- Казакстанда жайында мүрзөлөрдүн саны эки эсеге көбөйгөн. (аналитикалык материал)

- Дубайдын ордуна Искандеркул. Пандемия маалында тажикстандыктар кайда эс алууда? (видео Директ)

- Коронавирус кандай жайылган – анимациялык инфографика. (инфографика)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG