Жаңы эрежелер боюнча жарандар алгач жергиликтүү полиция бөлүмүнө барып, каттоого турушу керек. Мындан тышкары үй-бүлөнүн 18 жаштан жогорку ар бир мүчөсү сүрөткө түшөт. Полиция бөлүмүндө сүрөт жана жеке маалыматтар электрондук системага киргизилет.
Андан соң гана үй башкармалыгы ченазык үчүн үч айга маалымкат берет. Мамлекеттик азык-түлүк дүкөндөрү үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны көрсөтүлгөн дал ушул маалымкаттын негизинде гана товар сатышат.
Бул маалымкаттын негизинде айына бир жолу бир литр суу май, эки даана тоок этин, 1 кило шекер, 5 кило унду арзан баада сатып алса болот.