Ссылки доступа

Митингде каза болгон адам 19 жаштагы жигит болгон


5-октябрь түнү болгон митингден каза болгон жигиттин ким экени аныкталды. Бишкектеги Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев "Азаттык" радиосуна 2001-жылы төрөлгөн 19 жаштагы адам катуу жараат алып, ооруканада көз жумганын маалымдады.

"Маркумдун эки бутун жардыргыч зат жулуп кеткен. Азыр сөөгүн шаардык моргго жеткирип койдук", - деди Токтобай Маанаев.

Саламаттык сактоо министрлигинин 6-октябрь таңкы саат сегиздеги маалыматы боюнча Ала-Тоо аянтындагы митинг учурунда башынан оор жаракат алган бир адам каза болгон.

Жалпы 590 киши ар түрдүү жараат менен медициналык жардам алып, 439уна биринчи медициналык жардам берилди. 150 киши ар түрдүү жараат менен ооруканага жатып, 13 киши оор абалда реанимацияда.

Жарадар болгондор Бишкеке травматология, ортопедия илим изилдөө борбору, Улуттук госпитал, шаардык №1 оорукана, Чүй ооруканасы жана Улуттук хирургия борборуна кайрылышкан.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКны басып алышты.

Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG