Ссылки доступа

Өзбекстанда кислород баллону жарылып бир киши өлгөнү айтылууда


7-октябрь күнү эртең менен Сырдарыя облусунун Гүлистан шаарындагы «Алпомиш» спорткомплексинде жайгашкан ковид-борбордо кислород баллону жарылып кетти.

Көз карандысыз булактардын билдиришинче, кислорддук баллондун жарылышынан улам бери дегенде бир киши өлүп, ондогон адам жаракат алды.

Жаракат алган айрым бейтаптардын абалы оор экени айтылууда.

Күбөлөр жарылуунун кесепетинен 1 чакырым радиуста жайгашкан турак-жайлардын терезелери күбүлүп түшкөнүн кабарлашууда. Ковид-борбордун жанындагы тойкана зыянга учураган.

Авариянын кесепетин жоюу үчүн 10 тез жардам унаасы келди, районду укук коргоо кызматкерлери курчоого алды.

Буга чейин Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги авариядан бир киши гана жабыркаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG