Ссылки доступа

Москвадагы кыргыздар элди биримдикке чакырды (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдардын логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан дагы видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- "Президентке импичмент жарыялоо маселеси сунушталса карайбыз". (видео)

- Москвадагы кыргыздар элди биримдикке чакырды. 6-октябрда Москвадагы кыргызстандык жаштардын өкүлдөрү топтолуп, Кыргызстандагы бийлик өкүлдөрүнө, саясий партиялар менен элге кайрылуу жасашты. Жыйынга Кыргызстандын жети облусу боюнча түзүлгөн коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана жаш активисттер чогулган. Алар Кыргызстандын элин өткөөл саясий кырдаалда кызыкчылыгы бар күчтөрдүн улут, аймак аралык жана партиялык чагымчылдык билдирүүлөрүнө жетеленбей, ынтымакты сактап калууга чакырышты. (видео)

- Жалал-Абадга убактылуу мэр дайындалды. Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өз арызы менен шаар башчылык кызматын тапшырды. Бул маселени карап чыгуу үчүн атайын отурумга Шаардык кеңештин 31 депутатынын 17си катышты. Алардын чечими менен убактылуу мэр болуп Нуртилек Орозбаев дайындалды. Орозбаев бир ай мурун эле калаанын вице-мэри болуп дайындалган эле. (видео)

- Жанар Акаев: Жоопкерчиликти алган өкмөт курайбыз. Бишкекте акыркы кырдаалды турукташтыруу үчүн кезексиз жыйынга чогулууга VI чакырылыштын 45 депутаты кол коюп берди. Эл өкүлү Жанар Акаев алар "Ата Мекен", КСДП, "Республика" фракциясынын депутаттары жүргөнүн айтты. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны 7-октябрга белгиленди. (видео)

- Шаар тургундары: "Тынчтыкты тилейбиз". 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өттү. 5-октябрда Бишкекте анын жыйынтыгына нааразы партиялар митинг өткөрүп, натыйжада митингчилер президенттин жана парламенттин кеңсесин, УКМКнын имаратын басып барышкан. Митингде 509 адам жабыр тартып, бир адам каза тапты. (видео)

- Тажикстанда Бартанг дарыясына чөгүп кеткен жоокердин сөөгү табыла элек. (видео Директ)

- Сатбаевдеги тергөө абагында беш жашар кызды зордуктоого шектелген киши өлгөн абалда табылды. (видео)

- Токаев "Шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө чакырууда. (видео)

- Навальный уулануудан кийинки абалын айтты. (видео)

- «Жапаровдун премьер-министрдин милдетин аткаруучумун деп айтууга легитимдүү укугу жок» —конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева. (видео)

- Эмнеге революция кыргыз саясатынын туруктуу элементи болуп келет? (видео)

- БШКнын мүчөсү парламенттик шайлоодогу бурмалоолор тууралуу айтты. (Кыргызстандан видео)​

- Москвада журналист Ирина Славинаны эскерүү акциясы өттү. Ал Нижний Новгород шаарында өзүнө өрт коюп каза болгон. (видео)

- «Бул жолу Кыргызстандагы окуяларга Орусия да, Казакстан да таасир этүүгө аракет кылган жок — Досым Сатпаев (Настоящее время)

- Соцтармактагы тамаша: «Кыргызстанда Ак үйдү басып алышса, Казакстанда «Борат-2ге» каршы нааразылык билдирип жүрүшөт. (Настоящее время)

- Адахан Мадумаров: Координациялык кеңеш портфель бөлүштүрүү менен алектенбейт. (видео)

- Жээнбеков бардык күчтөрдү укуктук талаага кайтууга чакырды (видео)

- «Карнеги» борборунун эксперти Кыргызстандагы нааразылыктар тууралуу пикирин билдирди. (Настоящее время)​

- Хожентте жол кырсыгынан милициянын тергөөчүсү каза болду. (видео)

- «Муну кыйноо десе болот». Балдарын сабаган ата-энелер кандай жазаланышы керек? (Казакстандан видео)​

- Канибадам драмалык театры онлайн-спектакль койду. (Тажикстандан видео)​

- Карабакта ок алдында калган жай тургундар. (видео)

- Армения менен Азербайжанга ким курал-жарак сатууда? (инфографика)

- Коронавируска каршы Орусияда өндүрүлгөн дарылар жөнүндө эмнелер белгилүү? (видео)

- Тажик-өзбек чек арасы дале ачыла элек (Настоящее время)

- Дурдонага жардам! Орусияда өзбекстандык келинге бейтаныш адамдар жардам берип, мекенине жөнөтүштү. (Настоящее время)

- Кайсы өлкөдө интернет тез иштейт? (инфографика)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG