Ссылки доступа

Бартанг дарыясына чөгүп кеткен эки жоокердин сөөгү табыла элек (видео)


Тела утонувших в реке Бартанг таджикских солдат до сих пор не найдены
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

Сирожиддин Ятимовдун эжеси Махасти Зухурова.

Мектеп окуучусун куткаруу учурунда сууга чөгүп кеткен эки жоокердин туугандары алардын сөөгү алигиче табыла электигине кабатыр болушууда.

Расмий маалыматка караганда, Рушан районундагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн Сирожиддин Ятимов менен Кандилжон Вохидов аттуу жоокерлер 30-сентябрда 10-класстын окуучун куткаруу учурунда дарыяга чөгүп кетишкен. Окуучу өз жанын кыюу максатында Бартанг дарыясына боюн таштаган. Анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

"Ошол каргашалуу күнү үч жоокер болгон экен, бирөө аман калыптыр. Биз аны менен сүйлөштүк. Ал көрсөтмөсүндө адашып жатат. Ал күнү чынында эмне болгонун билбей жататбыз", деди Сирожиддин Ятимовдун эжеси Махасти Зухурова.

Сирожиддин Ятимовдун атасы чет өлкөдө. Ал соцтармактар аркылуу видеокайрылуу жасап, уулунун сөөгү табылбай жатканы үчүн бийликти күнөөлөгөн.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча комитетинин маалымат катчысы Умеда Юсуфова издөө иштери жүрүп жатканын, сөөк табыла электинин кабарлады.

Махасти Зухурова иниси эки жылдык мөөнөтүп өтөп бүтүп, үйүнө кайтарына аз калганын айтты.

Бартанг Тажикстан менен Ооганстандын ортосундагы Паянж дарыясынына келип кошулат. Ооган чек арачылары да окуя тууралуу кабардар, эгер алар маркумдардын сөөгүн таап калышса, тажик кесиптештерине кабар беришерин айтышкан.

Видео

Видео

Мигранттар баккан Боз-Адыр
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:30:03 0:00
XS
SM
MD
LG