Ссылки доступа

БУУга мүчө 39 өлкө Шинжаң менен Гонконгдогу адам укуктарынын бузулушун сындады


Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) мүчө 39 өлкө Кытайды Шинжаңдагы жана Гонконгдогу саясаты үчүн кескин сынга алды.

Германиянын уюмдагы элчиси Кристоф Хёйсгендин билдирүүсүн европалык өлкөлөрдүн көбү, алар менен катар АКШ, Австралия, Жапония, Канада, Жаңы Зеландия жана башкалар колдоду.

Документте Шинжаңдагы “саясий кайра тарбиялоо лагерлеринин” ири түйүнү жана “адам укуктарынын одоно бузулушу” өтө тынчсыздандырып жатканы белгиленген.

“Дин жана ишеним эркиндигине, көчүп-конууга, уюмдарга биригүүгө, пикир билдирүү эркиндигине жана уйгур маданиятына катуу чектөө колган. Уйгурларды жана башка улуттук азчылыктарды аңдуу уланууда, мажбурлап иштетүү, мажбурлап төрөттү чектөө, анын ичинде стерилизация тууралуу маалыматтар көбөйүүдө”, деп айтылган билдирүүдө.

Билдирүүнү кубаттаган өлкөлөр Кытайды көз карандысыз байкоочуларды, анын ичинде БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарын жана анын башкармалыгын Шинжаңга токтоосуз түрдө, тоскоолдуксуз өткөзүүгө чакырышты. Алар мындан тышкары Бээжинди Гонконгдун автономиясын, укугун жана эркиндигин колдоого, анын сот системасынын көз карандысыздыгын сыйлоого үндөштү.

Маалыматтарга караганда, Шинжаңда бир миллиондон көп уйгурлар жана башка түпкүлүктүү элдердин өкүлдөрү, көбүнчө мусулмандар "кайра тарбиялоо лагерлерине" айдалган. Бээжин аларды экстремизм менен терроризмге туруштук бериш үчүн түзүлгөн "кесипке үйрөтүү жана билим берүү борборлору" деп атап келет. Дээрлик үч жылдан бери аймактагы мусулмандар дискриминацияга, кугунтукка туш болгону, лагерлерге күчтөп жөнөтүлгөнү, ал жактарда ыдык көргөнү маалымдалып жатат.

Вашингтон жакында Шинжаңдагы уйгурларга жасалган мамилеси үчүн Бээжинге кысымын күчөттү.

XS
SM
MD
LG