Укук коргоочулардын арызына жооп берген акимчиликтин билдирүүсүндө: «Социалдык түйүндөр менен мессенджерлерге мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгында митингге өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы менен «Көше партиясынын» тарапташтары катыша тургандыгы белгилүү болду. Алар коомдук тартипке коркунуч жаратышы мүмкүн», — деп жазылган.
Өз кезегинде укук коргоочулар акимчиликтин маалыматтарын негизсиз деп атап, жергиликтүү бийлик жарандардын укуктарын бузуп жатканын билдиришти. Алматы акичилиги буга чейин бул укук коргоочуларга арт-моб акциясын өткөрүүгө уруксат берген эмес. Агелеуов менен Торегожина митинг өткөрүү тууралуу кайра арыз жаза тургандыктарын билдиришти.
Казакстандын «Тынч жыйындар тууралуу» мыйзамына ылайык, жарандар тынч митинг өткөрүү тууралуу алдына ала жергиликтүү бийликтерге кабар бериши керек. Эгер акимчилик уруксат бербесе, ал митинг «мыйзамсыз» деп эсептелип, катышуучулары жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.