Ссылки доступа

Коопсуздук кеңеши өлкөдөн жогорку кызматтагы аткаминерлерди чыгарбоо чечимин кабыл алды


Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши чек араларды жабуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттигине мекеменин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматы да ырастады. «Бизге өлкөдөн жогорку кызматтагы аткаминерлерди чыгарбоо тууралуу буйрук келди. Албетте биз аны аткарабыз», — деп билдирди мекеменин өкүлү.

Суваналиевдин айтымында, азыр президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Кубатбек Бороновдун кайсыл жерде экени белгисиз.

«Жумуш орундарын таштап кеткен кызмат адамдары кайсыл жерде экенин так айта албайбыз, көпчүлүгү жашырынып жүрөт. Алардын айрымдары, мисалы Боронов аралыктан иштеп жатканын, иштен кетүү тууралуу арыз жазбаганын билдирүүдө. Мындай реваншисттер көп, бул чоң кагылышууларга алып келиши мүмкүн», – деди ал.

Ал ортодо президенттин басма сөз кызматы Жээнбеков Бишкекте экенин жана саясий күчтөр менен жеке өзү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон соң саясий кризис жаралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен башталган митингдер башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын ээлеп алышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Жээнбеков Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек.

Видео

Видео

Күрөш: Айылдан Олимпке карай жол
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:35:54 0:00
XS
SM
MD
LG