Ссылки доступа

УКМК: Тилек Матраимов камакка алынды


9-октябрда Өзбекстандын чек ара кызматы эки өлкөнүн чек арасынан өтүүгө аракет кылган Тилек Матраимовду, Зиябиддинбек Кочкорбаевди, Махсуд Ахмедовду Кыргызстандын күч түзүмдөрүнө өткөрүп берди. Алар Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын убактылуу камак жайына киргизилди.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда аталган үч жаранга Жазык кодексинин 358-беренеси боюнча (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү аракети) кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү башталды.

Кыргызстандын жарандары Тилек Матраимов, Зиябиддинбек Кочкорбаев, Махсуд Ахмедов 6-октябрда Өзбекстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалганы мурда кабарланып, кийинчерээк муну төгүндөгөн да маалымат тараган.

8-октябрда биртуугандар Русланбек, Исламбек Матраимовдор да кармалганы тууралуу маалымат тарап, бирок, аны УКМК бышыктай элек.

Өзбекстандын атайын кызматы Кыргызстанга өткөрүп берген үч жарандын бири Тилек Матраимов сегиз жылдан бери Кара-Суу районун башкарып келген. Парламенттик шайлоонун алдында ден соолугуна байланыштуу убактылуу эс алууга кеткенин жарыялаган.

Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси болот.

Шайлоодо алдыга чыгып, 24% добуш алган «Мекеним Кыргызстан» партиясы Матраимовдорго тиешелүү экени маалым.

Добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын акциясы массалык тополоңго айланып кеткенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Видео

Видео

Кармалган кримтөбөлдүн саясаттагы карааны
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00
XS
SM
MD
LG