Ссылки доступа

Нур-Султан Кыргызстанды казак жарандарынын жана ишканаларынын коопсуздугун коргоого чакырды


Казакстандын Тышкы иштер министрлиги бейшембиде билдирүү жасап, Кыргызстанды казак жарандарынын жана ишканаларынын коопсуздугун камсыздоо боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө чакырды.

Казакстан ТИМинин сайтында жарыяланган билдирүүдө казак инвесторлоруна тиешелүү бир нече ишканаларга кол салуу жана басып алуу аракети болгону белгиленген.

“Казакстан Респуликасынын жарандары болгон кызматкерлерди коркутуп-үркүтүү жана бул ишканалардын мүлкүнө зыян келтирүү фактылары өзгөчө тынчсыздандырууда”, - деп айтылган билдирүүдө.

Казакстан ТИМинин билдирүүсү Кыргызстанда саясий кризис өкүм сүрүп, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы бир катар алтын кен комбинаттарында иш токтогону жөнүндөгү маалыматтардан кийин чыкты.

Бейшембиде казак маалымат агенттиктери казакстандык KAZ Minerals Bozymchak компаниясы иштетип жаткан алтын кени ишин токтотуп, кызматкерлер коопсуз жайга көчүрүлгөнүн жазышкан.

Казакстандын тышкы саясий мекемеси соңку жылдары казак компаниялары Кыргызстандын экономикасына миллиард доллардан ашык инвестиция салганын белгилеген. KAZ Minerals Bozymchak Казакстанда жез өндүргөн KAZ Minerals PLC компаниялар тобуна кирет

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын УКМКнын имараттарын, ээлеп алышкан. Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды парламенттик шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Андан бери президент элге төрт ирет кайрылды, бирок элдин алдына чыга элек.

XS
SM
MD
LG