Ссылки доступа

Тажикстандын аймактарындагы тургундар электр энергиясы өчүрүлүп жатканына даттанууда


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстандын аймактарында жашаган тургундар күндүз жана кечинде белгилүү бир сааттарда электр жарыгы өчүрүлүп жатканына даттанышууда.

Согди облусунун Амрулло аттуу тургуну акыркы 4-5 күндөн бери Ашт районундагы бардык айылдарда күндүз электр жарыгы өчүрүлүп жатканын билдирди. Мындан тышкары Турсунзода шаарынын жана Хатлон облусундагы Кушониён районунун жашоочулары электр энергиясы суткасына алты гана сааттан берилип жатканын айтышты.

«Барки точик» энергохолдингинин басма сөз катчысы Нозиржон Ёдгоринин айтымында, мекеме 6-октябрда аймактардын тургундарына ири подстанциялар менен жогорку чыңалуудагы линияларда профилактикалык иштер жүргүзүлө турганын, мындан улам күндүз айрым жерлерде электр жарыгы жок болорун эскерткен.

«Профилактикалык иштер кышка даярдык көрүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө. Бул эч кандай чектөө эмес. Азыр биздин адистер подстанциялар менен электр линияларын, ошондой эле башка жабдууларды оңдоп жатышат. Мындай иштер жыл сайын кышка жакын жүргүзүп келген», — деди Ёдгори.

Ал 5-октябрда «Душанбе-2» жылуулук электр борбору (ЖЭБ) ишке киргенин, бул керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоону жакшырта турганын кошумчалады.

Тажикстанда 20 жылга жакын убакыттан бери октябрдан апрелдин ортосуна чейин жарандарга электр энергиясын берүүдө чектөөлөр болуп келген.

2017-жылы алгачкы жолу кышкысын чектөө киргизилген эмес. Анда «Барки точик» компаниясы кичи ГЭСтер жана ЖЭБдер курулганын, бул электр энергиясын үнөмдөбөй пайдаланууга мүмкүндүк берерин билдирген.

Быйыл июлда тажик өкмөтү Вахш жана Пяндж дарыяларындагы суунун көлөмү азайганын, буга байланыштуу кышкысын калк үчүн электр энергиясына чектөөлөр киргизиле турганын кабарлаган. Бирок сентябрдын башында «Барки точик» Нурек суу сактагысын толгонун, кышкысын чектөө болбостугун билдирген.

XS
SM
MD
LG