Ссылки доступа

Жээнбеков өкмөттүн кызматтан кетиши боюнча жарлыкка кол койду


Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү толук курамы менен кызматтан кетирүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында билдирүү чыкты.

Конституциянын 65-87-беренесинин 1,2,3-бөлүмдөрүнө, 13-берененин 1,4-пункттарына, 23-беренесинин 4-пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын өкмөтү тууралуу» мыйзамга ылайык президент премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды.

Бул арызга ылайык өкмөт толук курамы менен кызматынан кетти деп эсептелет. Кол коюлган жарлык боюнча өкмөт башчы, вице-премьер-министрлер, өкмөт мүчөлөрү жаңы өкмөт курамы дайындалгыча өз милдеттерин аткарууну улантышат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон.

9-октябрь күнү «Ата Мекен», «Бир Бол», «Реформа» жана «Республика» партиялары биригип, «Акыркы үмүт» аттуу саясий бирикмеге чогулушканын жана Өмүрбек Бабановду өкмөт башчылыкка сунуш кылышканын жарыялаган эле.

Буга чейин 6-октябрда «Достук» мейманканасында чогулган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG