Ссылки доступа

Эмомали Рахмон шайлоочулардын дээрлик 91% добушун алды (видео)


Эмомали Рахмон

Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келаткан Эмомали Рахмон жекшемби күнү өткөн президенттик шайлоодо добуштардын дээрлик 91% алды.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, шайлоого 4,2 миллионго жакын жаран катышты. Бул болжол менен жалпы шайлоочулардын 85,4% түзөт.

Мекеменин төрагасы Бахтиёр Худоёрзода 12-октябрдагы басма сөз жыйынында шайлоонун жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар катталбаганын билдирди.

Президенттик шайлоого Рахмондон тышкары дагы төрт талапкер катышкан: Тажикстандын агрардык партиясынын лидери Рустам Латифзода, Социалисттик партиянын лидери Абдухалим Гаффорзода, Экономикалык реформалар партиясынын башчысы Рустам Рахматзод жана коммунисттердин лидери Миродж Абдуллоев. Расмий маалымат боюнча алар шайлоочулардын 1-3% добушун алышты.

Чет өлкөлөрдөгү оппозициялык топтордун биримдиги Тажикстандагы президенттик шайлоону мыйзамсыз деп атап, эл аралык уюмдарды анын жыйынтыктарын тааныбоого чакырышты.

Эмомали Рахмон 1994-жылдан бери өткөн шайлоолордун баарында жеңишке жеткен. 2016-жылы 4-февралда Тажикстандын Жогорку соту Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү мыйзамдуу деп тапкан. Ага ылайык, президент Эмомали Рахмон шайлоого чектөөсүз катышууга укук алган.

Быйыл апрелде Эмомали Рахмондун 32 жаштагы уулу парламенттин жогорку палатасынын төрагасы болуп шайланып, өлкөдөгү экинчи адам болуп калган. Эгер 68 жаштагы Рахмон кызматтан кетип же өз милдеттерин аткара албай калса, кийинки президенттик шайлоого чейин өлкөнү уулу башкарат. 2016-жылдан бери мамлекет башчынын кызы Озода Рахмон президенттик администрацияны жетектеп келет.

Эл аралык байкоочулардын пикири боюнча Тажикстандагы бир да шайлоо демократиялык, ачык-айкын жана эл аралык стандарттарга ылайык өткөн эмес.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG