Ссылки доступа

Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулууга кайрадан аракет кылууда


Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдөгү саясий кризисти талкуулаш үчүн жыйынга чогулууга кайрадан аракет кылууда. Бул үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлүп, иштеп жатканын 12-октябрда депутат Каныбек Иманалиев «Азаттыкка» кабарлады.

Анын айтымында, парламент өлкөдө жаралган саясий кризистен чыгуунун жолдорун жана шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүнү көздөп жатат.

Иманалиев Жогорку Кеңештин жыйынында кворум болушу үчүн уюштуруу комитети депутаттар менен байланышып жатканын кошумчалады. Жыйындын кайда жана качан өтөрү азырынча белгисиз.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин саясий кризис өкүм сүрүүдө.

5-октябрда шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин акциясы массалык тополоң менен коштолгон. 6-октябрга караган түнү президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан.

10-октябрда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, массалык башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы айтылган.

Парламенттин ал жыйынын айрым депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептеп жатышат.

XS
SM
MD
LG