Ссылки доступа

Макулдашууга карабастан Тоолуу Карабакта ок атышуу уланууда


Тоолуу Карабак. 8-октябрь 2020-жыл
Тоолуу Карабак. 8-октябрь 2020-жыл

Дүйшөмбү күнү эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Тоолуу Карабак республикасы курман болгон армян аскерлеринин тизмесин эки жолу жаңыртып, ага дагы 96 ысымды кошту.

Тоолуу Карабактын бийлиги тизмеге киргизилген 96 жоокердин баары дүйшөмбү күнү курман болбогонун белгиледи. «Согуш шартында көз жумгандар тууралуу маалыматтар кеч келип, толук болбой калууда. Муну армян аскерлери да айтып жатышат», — деп жазылган билдирүүдө.

Карабак согушунун хроникасын жарыялап жаткан «Би-Би-Синин» орус кызматы аймакта үчүнчү күн ок атышпоо келишими күчүндө болушу керектигин белгилөөдө.

Еревандын маалыматы боюнча, жаңы кагылышуулар башталган 27-сентябрдан бери Армения 525 жаранын жоготту.

Азербайжан жекшембиге караган түнү Ганжа шаарына «Эльбурс» тактикалык ракетасы менен сокку жасалганын, анын кесепетинен он киши курман болгонун билдирди.

Ошол эле маалда Баку аскерлеринин катарындагы жаңы жоготуулар жөнүндө маалымат бербей, журналисттерге мерт болгон жай тургундардын санын гана кабарлап келет. Дүйшөмбү күнү алардын саны 42 кишиге көбөйдү.

«Би-Би-Синин» кабарчысы Тоолуу Карабактын борбору Степанакерт буга чейинки күндөрү аткылоолорго кабылып келсе, 12-октябрда шаарга чабуул болбогонун билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG