Ссылки доступа

Түркмөнстандагы банкоматтарда акча тартыш болууда


Банкоматта кезек күткөн жарандар. Ашхабад шаары
Банкоматта кезек күткөн жарандар. Ашхабад шаары

Түркмөнстандын Мары облусунда тургундар банк карталарынан накталай акча алууда көйгөйлөргө туш болушууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактагы кабарчысы билдирди.

«Ушул күндөрү Мары облусундагы банкоматтардын алдында жегиликтүү тургундардын узун кезектери жаралды. Алар 3-4 айдан берки айлыктарын, пенсияларын жана жөлөк пулдарын ала албай жатышат. Арасында акчасын чыгара албай жаткан пахтачылар да бар», — деди кабарчы.

Анын айтымында, кезектерди тартипке салуу үчүн банктар талондорду киргизген, бирок алардан эч кандай жыйынтык болгон жок.

«Талондо көрсөтүлгөн күнү келген жарандар дагы бир көйгөйгө туш болушту. Банк кызматкерлери тизмеде алардын аты-жөнү жок экенин айтып жатышат. Өз кезегинде жарандар буга нааразылык билдирип, талонду да узун кезекте туруп алышканын билдиришүүдө. Алардын айтымында, акыркы 3-4 айдын ичинде карталардан бир гана жолу 400 манаттан ала алышкан», — деди кабарчы.
Өз кезегинде банк кызматкерлери чогулгандарга 14-октябрда жаңы талон алып, кайра кезекке турууну сунушташты. Алардын айтымында, азыр банктарда акча жок, бардык каражат пахта тергендердин акысын төлөөгө которулуп жатат.

«Биз жогору жактагылардын айтканын кайталап жатабыз, түшүнгүлө. Азыр каражат тартыш болуп, банкоматтарга акча салынган жок. Банктардагы накталай акчанын баары райондорго бөлүштүрүлүп жатат. Бирок райондордо да акча тартыш болууда», — деди банк кызматкери.

Кабарчы бир нече районду кыдырып көргөнүн, ал жактарда да тургундар накталай акча ала албай жатышканын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG