Ссылки доступа

АКШдагы музейде тажикстандык акын жөнүндө маалыматтар жайгаштырылат


Искандар Хатлони
Искандар Хатлони

Мындан 20 жыл мурда Москвада өлтүрүлгөн акын жана “Озоди” радиосунун кабарчысы Искандар Хатлонинин ысымы АКШнын Глобалдык ЖМКлар боюнча музейинде (USAGM) түбөлүккө сакталмай болду.

Музейдин мультимедиа бөлүмүнүн жетекчиси Лора Мойи Хатлонинин айрым ырларын англис тилине которуу иштери башталганын билдирди. Сүрөтчүлөр анын ырларын жана учкул сөздөрүн колдонуу менен арт-портрет тартышары күтүлүүдө.

Буга чейин Искандар Хатлонинин сүрөтү жана ал жөнүндө маалымат USAGMдин Намыс тактасында жана Вашингтондогу жаңылыктар мезейинде (Newseum) илинген.

АКШнын Глобалдык ЖМКлар боюнча музейинде дүйнөнүн ар кыл бурчунда өлтүрүлгөн 200өн ашуун журналисттин кол жазмалары, китептери жана аудиожазуулары сакталып турат.

Искандар Хатлонии (Идиев) 1954-жылы Кулябда төрөлгөн. Ал Максим Горький атындагы адабият институтунун бүтүрүүчүсү болгон. Би-Би-Си, "Эркин Европа\Азаттык радиосунда" иштеген. Хатлони Москада перси жана тажик тилиндеги “Мужда” гезитин чыгарган.

XS
SM
MD
LG