Ссылки доступа

Акаев: Темирлан Султанбеков эркиндикке чыксын (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдарды логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан дагы видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Сулайманов: Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүш керек. “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин депутаттарын тез арада шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө чакырды. Бул тууралуу депутат 13-октябрдагы кезексиз жыйынында билдирди. (видео)

- Акаев: Темирлан Султанбеков эркиндикке чыксын. 13-октябрда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулду. Оппозиция лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттик шайлоого “Ата Мекен” партиясынан аттанган Жанар Акаев өлкөдө өкүм сүргөн саясий кризис тууралуу өз пикирин билдирди. (видео)

- "Ак Шоола" балдардын өнөр уясы боло алды. "Ак Шоола" балдар хорунун ар бир баласы өзгөчө кылыктары, кыймылы менен көрүүчүлөрүн суктантып келет. 35 жылдык тарыхы бар топто комуз, скрипка, пианино сабактары өтүлөт. "Ак Шоола" хор искусствосунда классикалык өңүттөн чыгып, театралдык хорду түзө алган топ. Кыргыз балдарынын жандуу хору 1985-жылы түзүлгөн. (видео)

- "Парламенттик шайлоону тезинен дайындоо керек". (видео)

- Казакстандын үч шаарында карантин чаралары күчөтүлдү. (Настоящее время)

- Таласты баккан төө буурчак. Таласта ушу тапта дыйкандар төө буурчактын акыркы түшүмүн чогултуп жатат. Жыйырма жыл мурда колго жулунуп, сорттолгон фасоль азыр эми техниканын жардамы менен оруп-жыйналып, экспортко чыгат. Таласта жылына 90 миң тоннанын тегерегинде төө буурчак өндүрүлөт. Расмий маалыматтарга караганда, Талас облусунун калкынын 80% төө буурчак менен жан багат. Бул тууралуу “Данисте” түрмөгүндө айтып беребиз. (видео)

- Ачкачылык индекси. Кайсы өлкөлөрдө кишилер тоюна тамактанышпайт. (инфографика)

- Сухроб Зафар: "Группа 24" 11-октябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайт. (видео)

- Эски оймолорду жоолукка түшүргөн дизайнер. Динара Чокотаева көптөн бери кыялданып жүргөн автордук моюн орогучтарын чыгарды. Кесипкөй графикалык дизайнер эски оймолорду жаңы нукта иштеп чыккан. (видео)

- Рахматилло Зойиров: Тажикстандын сациал-демократиялык партиясы шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайт. (видео)

- Канат Исаев: Парламент жыйыны мыйзамсыз өттү. (Кыргызстандан видео)

- Митингдер тууралуу жаңы мыйзам жана активисттердин кармалышы. (Казакстандан видео)

- Тажикстандыктар жаңы шайланган президенттен эмнелерди күтүп жатышканын билдиришти. (видео)​

- Алматыда тез жардам кызматкерлери «коронавирустук» кошумча төлөмдөрдү талап кылышууда. (видео)​

- Рахмонго чейинки Тажикстан : өлкөдө дагы эки президент болгон, бирок аларды эстегендер аз. (Тажикстандан видео)

- Азия 360°: насыбай – Борбор Азиядагы мыйзамдуу маңзат​. (Настоящее время)​

- ЕБ өлкөлөрү катаал карантинге даярданууда. (видео Директ)

- Камчаткадагы суу ракеталык күйүүчү май менен ууланган болушу мүмкүнбү? (видео)

- «Муну кыйноо десе болот». Балдарын сабаган ата-энелер кандай жазаланышы керек? (Казакстандан видео)​

- Армения менен Азербайжанга ким курал-жарак сатууда? (инфографика)

- Беларустар репрессияга каршы күрөшүү үчүн бири-бирине кантип жардам берүүдө? (видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

Видео

Видео

Митингде көздөн айрылгандар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:35 0:00
XS
SM
MD
LG