Ссылки доступа

Алматыда онкологиялык ооруга чалдыккан балдарга гепатит С жукканы аныкталды


Алматыда Педиатрия жана балдар хирургиясы боюнча илимий борбордо рак менен ооруган бир нече балага гепатит С вирусунун жугушуна байланыштуу текшерүү башталды.

Бир нече ата-эне «Астана» телеканалына лейкемияга чалдыккан балдарга кан куйган учурда инфекция жуккан болушу ыктымал экенин билдиришкен.

Илимий борбор бул божомолду четке кагууда. Дарыгерлер гепатит С вирусу балдар ооруканага түшөр алдында аныкталганын билдиришүүдө.

Ушул тапта борбордо 11 бала гепатит С вирусу менен жабыркоодо.

Илимий борбордун төрагасынын орун басары Ляззат Манжуова учурда алардын абалы туруктуу экенин, изоляцияга алынып, залалдуу шишикке каршы дарыланып жатышканын билдирди. Ремиссиядан чыккандан кийин сарыкка каршы дарылоо башталат.

2013-жылы май айында Нур-Султандагы Эне жана бала илимий борборунда лейкемиядан дарыланып жаткан 30 балага гепатит С вирусу жукканы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG