Ссылки доступа

Тихановская Лукашенкону 12 күндүн ичинде кызматтан кетүүгө чакырды


Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская автократ лидер Александр Лукашенкону 12 күндүн ичинде отставкага кетүүгө чакырды.

Шейшембиде Телеграм каналында жайгаштырылган билдирүүдө Тихановская демонстранттар “элдик ультиматум” коюшканын, Лукашенкого бир катар шарттарды аткарууга мөөнөт берилгенин айтты. Атап айтканда каршылык акцияларына катышкандарга каршы күч колдонууну токтотуу жана бардык саясий туткундарды коё берүү талаптары коюлган.

Лукашенко бул шарттарды аткарбаса, анда “бүт өлкө элдик ультиматум менен көчөлөргө тынч акцияга чыгышат, өнөр жай ишканалары иш ташташат, бардык жолдор тосмолонот жана бардык мамлекеттик дүкөндөргө бойкот жарыяланат” , - деп айтылат билдирүүдө.

Тихановская беларус бийлигинин оппозиция менен “диалогу” тууралуу билдирүүсүн айыптады жана камалган оппозиционерлерге каршы аракеттерди “мамлекеттик террор” деп атады. Ал күч түзүмдөрүн “эл тарабына өтүүгө” үндөдү.

9-августтагы президенттик шайлоону Лукашенко жеңгени жарыялангандан кийин добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганын айткан демонстранттар көчөлөргө чыгып, ошондон бери акциялар токтобой келатат. Европа Биримдиги жана АКШ Лукашенкону легитимдүү президент деп таануудан баш тартышкан.

Тихановская өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугунан чочулап, шайлоодон кийин Литвага кеткен. Бирок мекенине кайтып барарын айткан.

XS
SM
MD
LG