Ссылки доступа

Кызыл Чырым Армения менен Азербайжанды туткундарды жана маркумдардын сөөктөрүн алмаштырууну баштоого үндөдү


Эл аралык Кызыл Чырым комитети Армения менен Азербайжанды Тоолуу Карабактагы жаңжал учурунда кармалган туткундарды жана өлгөндөрдүн сөөгүн алмашуу иштерин аяктоого чакырды.

Бул тууралуу Reuters жазды.

"Ушул тапта бул маселени тараптар менен талкуулоонуу улантып жатабыз. Бирок мындай алмашууну баштоо үчүн кандайдыр бир маанилүү келишимге жетише элекпиз", – деди комитеттин Евразия боюнча аймактык директору Мартин Шуэпп.

Ал тараптар бул ишти аткаруу талаптарын сактайт деп үмүт артты. Мартин жаңжалдашкан жактарды комитеттин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоого чакырды.

Азербайжан менен Армениянын башкы дипломаттары 10-октябрда Москвадагы жыйында атышууну токтотуу тууралуу макулдашкан. Ошондой эле эки тарап туткундарды алмашары кабарланган. Бирок бул келишимге карабай тынчтык режими сакталбай жатат.

Эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы катары тааныган, бирок иш жүзүндө Ереван колдогон армяндар көзөмөлдөгөн Тоолуу Карабакта 27-сентябрдан бери кармаш токтобой жатат. Анда оор артиллерия, аскердик учактар жана дрондор колдонулууда. Кармаш үчүн Ереван менен Баку бири-бирин күнөөлөп жатат.

XS
SM
MD
LG