Ссылки доступа

Тажикстанда мамлекеттик салыктардын саны азайтылууда


Тажикстандын Салык саясаты боюнча департаменти жаңы салык кодекси иштелип бүтүп, 2021-жылга карата бекитилерин билдирди.

“Озоди” радиосу салык кодексинин жаңы долбоорун карап чыгып, кодекс азыркыдай 329 эмес 412 беренеден турарын, жалпы мамлекеттик салык 11ден 7ге азайтылганын аныктады.

Буга киреше салыгы, пайдадан түшкөн салык, кошумча нарк салыгы, акциз салыгы, социалдык салык, жер казынасын пайдалануудан түшкөн салык, алгачкы сатуудан түшкөн салык (алюминий жана пахта) кирет.

Мындан тышкары айрым салыктардын чени да төмөндөтүлдү. Жаңы долбоорго ылайык, ишканалар үчүн социалдык салык 25 пайыздан 20 пайызга чейин, кошумча нарк салыгы 18 пайыздан 15 пайызга чейин түшүрүлдү.

Жаңы салык кодексинин долбоорундагы план боюнча кошумча нарк салыгы бара-бара азайтылат: 2025-жылы ал 14%, 2030-жылы 13% түзөт.

Буга чейин Дүйнөлүк банк Тажикстанда жаңы салык кодекси кабыл алынса, өлкө экономикасына кошумча 50 миллион доллар инвестиция саларын билдирген.

Азыр иштеп жаткан кодекс 2013-жылы кабыл алынган.

Видео

Видео

Кармалган кримтөбөлдүн саясаттагы карааны
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00
XS
SM
MD
LG