Ссылки доступа

Парламент Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына бир добуштан шайланып, өкмөттүн сунушталган курамы жана түзүмү жактырылды.

Жыйынга 83 депутат катышып жатканы, сегиз депутат өз добуштарына ишеним кат бергени башында жарыяланган.

Жапаров депутаттардын алдында сүйлөп жатып өкмөттүн курамында 15-20% өзгөрүү болорун билдирип, тизмесин жарыялады.

Ага ылайык мурдагы экономика министри Артем Новиков биринчи вице-премьерликке, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов жана Аида Исмаилова вице-премьер-министрлик кызматтарга сунуш кылынып жатат.

Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү болуп Бактыбек Аманбаев өкмөттүк аппаратка жетекчиси-министр кызматына, Кыялбек Мукашев Финансы министрлигинин, Бакыт Бердалиев Транспорт жана жол министрлигинин, Марат Жаманкулов Юстиция министрлигинин, Руслан Казакпаев Тышкы иштер министрлигинин, Улан Ниязбеков Ички иштер министрлигинин, Бообек Ажыкеев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлигинин, Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү жана илим министрлигинин, Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Жыргалбек Сагынбаев Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу комитетинин жетекчилигине көрсөтүлүп жатканы белгилүү болду.

Ал эми калган мекемелердин буга чейинки жетекчилери ордунда калды.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган. Буга чейин парламенттин бир катар депутаттары эки жолу чукул жыйынга чогулуп, өкмөт башчылыкка 6-октябрга караган түнү абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду бекиткенин жарыялаган. Бирок ошол чечимдердин мыйзамдуулугу суроо жараткандыктан бүгүн маселе Жогорку Кеңеште кайрадан каралып жатат.

XS
SM
MD
LG