Ссылки доступа

Өзбекстанда тогуз айда азык-түлүк жана кызмат көрсөтүү наркы 6% кымбаттады


Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына караганда, апрель айында азык-түлүк баасы жана кызмат көрсөтүү 1,7 пайызга жогорулаган. Июль айында баа 0,2% жана июнда 0,3% арзандаган.

Комитеттин баяндамасына ылайык, январь-сентябрь айларында азык-түлүк баасы 3,1%, азык түлүк эмес товарлар 2,1% жана кызмат көрсөтүү 1,1% кымбаттаган.

Былтыркы жылдын сентябрь айына салыштырмалуу азык-түлүк баасы 7,5%, азык түлүк эмес товарлардыкы 2,8% жана кызмат көрсөтүүнүкү 1,4% өскөн.

Эт жана балык азыктары өзгөчө сентябрь айында кымбаттаган. Бир айда баа дээрик 3,8% өскөн. Жыл башынан бери эттин баасы 14,2% жогорулаган.

XS
SM
MD
LG