Ссылки доступа

Парламент Бишкектеги өзгөчө абалды жойду


"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп жатат. Анда Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү тууралуу токтомду жокко чыгаруу чечими кабыл алынды.

Президенттин жарлыгы менен 12-октябрдан 19-октябрга чейин Бишкекте өзгөчө абал режими киргизилген. Кечки саат 10дон таңкы 5ке чейин коменданттык саат эрежелери күчүндө болуп турду.

Өзгөчө абал киргизүү чечими 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык окуяларга байланыштуу кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG