Ссылки доступа

Парижде кылмышкердин колунан каза тапкан мугалимди эскеришти


Жекшемби күнү Францияда миңдеген киши 16-октябрда кылмышкердин колунан каза тапкан мугалим Самюэль Патини эскерди. Полиция мугалимдин өлүмүн теракт катары иликтеп жатат.

Эл аралык француз радиосунун маалыматына караганда, ири манифестациялар Париж, Лион, Бордо, Старсбург, Лилль, Нант, Марсель жана башка бир катар шаарларда өттү.

Париждеги Республика аянтына чогулган миңдеген адамдын арасында өлкөнүн премьер-министри, билим берүү министри, Париждин мэри жана башка көрүнүктүү саясатчылар да болду.

Акцияларды сатиралык Charlie Hebdo басылмасы менен мугалимдердин кесиптик кошууну уюштурду. Катышуучулар сөз эркиндигин жактап, өлкө мыйзамдарынын сакталышын талап кылышты.

47 жаштагы Самюэль Патини Москвада туулган Абдулла аттуу 18 жаштагы чечен качкын мууздап кеткенин француз бийлиги билдирген. Кол салган кишини полиция атып өлтүргөн. Окуя Париждин жака белинде 16-октябрда болгон.

Маалыматтарга карганда, тарых жана география мугалими ага чейин сабакта сөз эркиндиги туралуу кеп кылып, Charlie Hebdo журналы жасаган Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көргөзгөн.

Бул иш боюнча 11 киши кармалды. Арасында мугалимге кол салган адамдын туугандары жана исламчы активист Абделаким Сефриуи да бар.

XS
SM
MD
LG