Ссылки доступа

УКМК: Райымбек Матраимовго жакын санаалаш 40 киши аныкталды 


Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жанында жүргөн жана бул тармактагы коррупциялык схемаларга аралашкан 40 киши аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 19-октябрда "Азаттыкка" билдирди.

УКМКнын маалыматына караганда, Райымбек Матраимов жана бажы кызматынын башка кызматкерлери тарабынан жол берилген коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында иликтөө уланып жатат.

Атайын кызмат Матраимовдун жакын санаалашы деген 40 адамдын бажыдагы коррупциялык схемаларга тартылганы иликтенип жатканын билдирди. Мекеме алардын кай жерде жүргөнү анык экенин, мындан тышкары бажы кызматынын ишин текшерүү, тармактагы терс көрүнүштөрдөн мамлекет тарткан зыянды аныктоо боюнча аракеттер жүрүп жатканын кошумчалады.

Матраимовдор же алардын өкүлдөрү УКМКнын бул билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

16-октябрда учурда президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров УКМКнын жетекчиси кылып Камчыбек Ташиевди дайындаган.

Атайын кызмат буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын 2016-жылдан берки ишмердигин текшерип, мамлекет тарткан чыгымды эсептөө жана схемага тиешеси бар адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу багытында ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдирген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңгени БШКнын баштапкы маалыматында жарыяланган төрт партиянын ичинен экинчи орунга чыккан «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы Матраимовдордун колдоосу менен шайлоого барганы белгилүү.

Видео

Видео

"Ысык-Атанын" айлык күткөн медиктери
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:27 0:00
XS
SM
MD
LG