Ссылки доступа

Алматыда 15 миңдей мугалим Токаев убада кылган үстөк акыны ала элек


Алматыда 15 миң мугалим президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен мугалимдердин айлык акысына кошулушу керек болгон 25 пайыздык үстөк акчаны ала албай жатышат.

19-октябрда бул маалыматты Алматы шаарынын билим берүү башкармалыгы да ырастады.

– Биз республикалык бюджеттен төлөнүүгө тийиш болгон 25 пайыздык үстөк акыны төлөй албайбыз. Бизде педагогикалык ставкалар көбөйдү, каражат жетишпет. Кошумча каражат бөлүүнү сураганбыз. Өтүнүчүбүз канааттандырылды жана жакын арада кошумча каражат бөлүнөт, - деди Алматы шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Адиль Отарбаев.

Мугалимдер август жана сентябрь айындагы үстөк акыларын алышкан эмес.

Өткөн аптада “Фейсбуктагы” “Казакстан устаздары” тобунда Алматыда мугалимдердин айлык акысы кечиктирилип жатканы тууралуу маалымат жарыяланган.

“Педагог макамы жөнүндө” мыйзамга ылайык, 2020-жылы январдан тартып мугалимдердин эмгек акысы 25% көбөйүүгө тийиш. Ага чейин казак президенти Касым-Жомарт Токаев мугалимдердин маянасын төрт жыл ичинде эки эсеге көбөйтүүнү тапшырган.

XS
SM
MD
LG