Ссылки доступа

Мирзиёевден батир алган журналист тергөөчү коркутканын билдирүүдө


19-октябрда Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин тергөөчүсү Бахром Каримов журналист Бобомурод Абдуллаевди камакка аларын айтып коркутту. Бул тууралуу журналист өлкөнүн башкы прокурору Нигматилло Юлдашевге жолдогон видеокайрылуусунда билдирди.

Видеокайрылууда айтылган маалыматка караганда, дүйшөмбү күнү ал Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Тергөө башкармалыгына адвокаттарынын бири менен барган, бирок экинчи адвокаты башка бир сот жараянында болгондуктан көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

Тергөө башкармалыгынын башчысы Бахром Каримов журналист тергөөгө тоскоол жаратып жатканын билдирип, аны камак менен коркуткан: «Эгер сиз баш тартсаңыз, тергөөгө тоскоолдук жаратуу айыбы менен бүгүн эле камакка алабыз. Мен сиздин баш коргоо чараңызды өзгөртүп, сизди бул жерде калтырам» - деген Бахром Каримов.

Журналист видеокайрылуусунда башкы прокурорду Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Тергөө башкармалыгынын башчысы Бахром Каримовго чара көрүүгө чакырган.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Абдуллаевге Ташкенттен үч бөлмөлүү батир белекке бергени кабарланган.

9-августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Өзбекстандын өтүнүчү менен Абдуллаевди Бишкекте кармаган.

Бишкек соту аны 8-сентябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагында камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарган. УКМК Абдуллаев 22-августта Ташкентке өткөрүлгөнүн кабарлаган. Журналист Ташкентке жеткирилгендин эртеси, 23-августта жүрүм-турум эрежелерин бузбоо жөнүндө тилкаттын негизинде бошотулган.

Азырынча Өзбекстанда журналистке кандай айыптар коюлганы белгисиз. Бул тууралуу расмий маалымат жок.

Журналист өзү Бишкекте кармалгандан кийин мекенинде «Кара Мерген» деген каймана ысым менен өкмөткө каршы макалаларды жазган деп айыпталып жатканын билдирген.

Бобомурод Абдуллаев 2017-жылы Өзбекстанда конституциялык түзүлүштү кулатуу максатында кутумга барган деп шек саналып камакка алынган. 2018-жылы май айында сот залынан бошотулган.

XS
SM
MD
LG