Ссылки доступа

Өзбекстанда крипто-компанияга 1,7 миллион доллар алдаткан жарандар пикет өткөрүштү


18-октябрда International Consulting Group аянтчасынын ишмердүүлүгүнөн жабыркаган жарандардын тобу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын имаратынын алдында пикет өткөрүштү.

19-октябрда өлкөнүн башкы көзөмөл органы International Consulting Group платформасынын жетекчилери Алексей Мэнге жана А.Молотягинге каршы 33 даттануу келип түшкөнүн билдирди.

Арызда жарандар International Consulting Group аянтчасына инвестиция салышканын, бирок алдамчылыктан улам материалдык чыгымга учурашканын жазышкан. Мекеме өкүлү арыздын негизинде «Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө алынганын билдирди.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын 29 жаштагы жараны Алексей Мэн International Consulting Group платформасын түзүп, алдамчылык менен 2 миңден ашык кишиден жалпысынан 1,7 миллион доллар чогултуп алган.

Алексей Мэн менен А. Молодягинге эл аралык издөө жарыяланды. Алар 2019-жылы декабрда компаниянын ишмердүүлүгүн токтотуп, топтолгон акчаны алып чет өлкөгө чыгып кетишкен.

Видео

Видео

Соодасы солгундаган "Дордой"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:15:49 0:00
XS
SM
MD
LG