Ссылки доступа

Нур-Султанда көп балалуу энелер мамлекеттен жардам сурашты


20-октябрда Нур-Султан шаарында бир нече көп балалуу эне чогулуп, мамлекеттен үй-бүлөлөрүнө жардам берүүнү өтүнүштү.

Алардын айтымында, коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген карантиндик чектөөлөр ансыз да араң турган үй-бүлөлүк абалдарын начарлаткан. Чогулгандар президенттик администрациянын имаратына барууга аракет кылышты, бирок полиция кызматкерлери аларды Акордо тарапка өткөрбөй коюшту.

Төрт баланын апасы Акбаян Жалмырзаева бир бөлмөлүү батирге айына 85 теңгеден (200 долларга жакын) төлөп жашап жатканын, карантин маалында кирешесиз калып ижара акысы төлөнбөй калганын билдирди.

– Күйөөм жалданып иштеп, айына 50-60 теңдеген табат. Карантин маалында жумуш жок болду. Батир акысын төлөөгө акча жетпегендиктен, кечкисин ресторандарда гүл сата баштагам. Азыр чектөөлөргө байланыштуу ал ишим да токтоп калды. Батир үчүн 250 миң теңге карызбыз. Күрөө катары үй ээсине бардык документтеримди, анын ичинде балдарымдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн да бердим», — деди Жалмырзаева.

Баш калаанын тургуну Жанар Бидайбекова 2014-жылы үйүндө өрт чыгып, эрезеге жете элек үч баласы каза болгонун, көп өтпөй күйөөсү жүрөк оорудан көз жумганын билдирди. Бүгүнкү күндө ал эки кызы менен батирде жашайт.

– Мен дайыма бул жерге келип, арыз жазам. Бирок эч ким чыкпайт, бийликтин өкүлдөрү кана? Мен миңге жакын арыз жаздым, бирок жооп болгон жок. Анда эмнеге арыз жазгыла деп айтышат? Азыр да арызыбызды алышат, бирок эч ким карабайт, жооп да болбойт», — деди Бидайбекова.

Жазында жана жайында карантин киргизилгенден кийин өкмөт кирешесиз калган жарандарга 42 500 теңгеден мамлекеттик жөлөк пул төлөп берүүнү убадалаган. Бирок жарандардын көбү жөлөк пул алуу оор экенин айтып, айрымдарына төлөнбөй жатканын айтып чыгышкан.

Дүйнөлүк банктын эсебине ылайык, Казакстанда пандемияга байланыштуу жаралган каатчылыктан улам дагы 800 миң киши жакырчылыкка кептелет.

Видео

Видео

"Ысык-Атанын" айлык күткөн медиктери
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:27 0:00
XS
SM
MD
LG