Ссылки доступа

Тихановская Беларуста иш таштагандарга каржылай колдоо болорун айтты (видео)


Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская “элдик ультиматум” аткарылбаган учурда иш таштоого чыккандарды колдой турганын билдирди.

Ал Телеграм-каналы аркылуу видеокайрылуу жасап, азыркы режим аяктай турган учур баары бир келерин, бирок ал өкүм сүрүп жаткан ар бир күн беларус калкы үчүн өтө кымбатка туруп жатканын айтты.

Тихановская иш таштоону колдоп, ошол эле учурда экономикалык репрессияга кабылгандар же жумушунан айрылгандар беларус ишкерлери түзгөн BySol фондунан каржылай колдоо ала турганын белгиледи. Ал эми Беларуста мыйзамдуулук орногондон кийин нааразылык учурунда соттолгондордун иши жокко чыгарылып, айыппулдар кайтарыла турганын эскертти.

"26-октябрдан тартып ишке же окууга барбагыла – бул да иш таштоо. Жүрүшкө чыккыла – бул да иш таштоо. Кеңсеңерди жаап таштагыла – бул да иш таштоо. Мамлекеттик кызматтардан колдонуудан баш тарткыла – бул да иш таштоо. Банктардагы акчаңардын баарын чыгарып алгыла – бул да иш таштоо. Үн катпай койбогула. Түрмөдө жашагыңар келбегенин айткыла", – деди Тихановской.

“Элдик ультиматумдун” мөөнөтү бүтөрүнө төрт күн калды. Аны Тихановская 13-октябрда жарыялаган. Талап боюнча 25-октябрга чейин Александр Лукашенко отставкага кетип, көчөдөгү куугунтукту токтотуп, бардык саясий туткундарды бошотушу керек.

Күн мурун Тихановская күч түзүм кызматкерлерин эл тарапка өтүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG